Жапаров Кыргызстандын Сейшел аралдары менен алакасын талкуулады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Сейшел аралдарынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Форду кабыл алды. Президенттик администрация билдиргендей, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.
Мамлекет башчы Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө умтулуп жатканын белгилеп, географиялык алыстыкка карабастан...