Бишкекте ысык суу 9-майдан тартып бериле баштайт
"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы шаарды ысык суу менен камсыздоо үчүн колдонулган жылуулук тармактарында оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аяктаганын маалымдады.
8-майда ишкананын адистери системаны муздак суу менен этап-этабы менен толтурууну жана ысык суу менен камсыздоону ишке киргизүүгө даярдык көрүүнү башташат.
Бишкекте Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) керектөөчүлөргө ысык сууну 9-майдан тартып айдайт. Ысык суу алгач шаардын борбордук бөлүгүнө берилет. Андан кийин түштүк кичирайондорго...