ӨКМ 10-12-май күндөрү сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип, коопсуздук чараларын сактоого чакырды
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) “Кыргызгидромет” борбору шашылыш билдирүү таратып, 10-майдан 12-майына чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертти. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
Мекеме калкка майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук чараларын сактоого чакырды. Мүмкүн болушунча тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарга баруудан кармануу, дарыялардын...