Казак парламенти президент тууралуу конституциялык мыйзамды биринчи окууда карады
Казак парламентинин депутаттары "Казак жумуриятынын президенти тууралуу" конституциялык мыйзамды биринчи окууда карады.
Бул жаңы конституция июлдун аягында күчүнө киргенден кийинки жаңы саясий системанын негизги документтеринин бири болуп калмакчы.
Мыйзам долбоорун сунуш кылган юстиция министри Ерлан Сарсембаевдин айтымында, 43 беренеден турган документ президенттин жана вице-президенттин макамдарын, ыйгарым-укуктарын жана парламент (жаңыча курултай) менен иш алып баруусун аныктайт.
Бийлик реформаны...