Нью-Йоркто өзбек ырчысы Юлдуз Усманованын концерти өтпөй турган болду
Нью-Йорктун Бруклин аймагындагы Oceana театры өзбекстандык ырчы Юлдуз Усманованын концерти болбой калганын маалымдады. 9-майга пландалган концерт алдында ырчынын буга чейинки билдирүүлөрү айланасында жаңжал тутанган.
Бухара жамаатынын социалдык тармактардагы баракчасында айтылгандай, Усманованын концерти тууралуу кабар жергиликтүү коомчулукта, өзгөчө Брайтон-Бич өңдүү жөөттөр басымдуулук кылган райондордо катуу реакция жараткан.
Алдыңкы күнү жергиликтүү бийлик АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубиого кат жолдоп...