Тажикстанда сел төрт кишинин өмүрүн алды
Тажикстанда катуу жааган жамгырдан кийин жүргөн сел төрт адамдын өмүрүн алды.
Куляб шаарында табият кырсыгынан дагы беш киши жабыркап, ооруканага түштү. Бийлик билдиргендей, 450дөй тургун коопсуз жайларга эвакуацияланды.
Жалпысынан шаарда 850гө жакын үйдү суу каптаган. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды.
Ошол эле учурда катуу жаан-чачындын кедергиси Дүйшөмбү баш болгон башка аймактарга да тийди. Ооруканалар...