Баткендеги сел: 100дөн ашуун адам коопсуз жайга чыгарылды
2-майда Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында жүргөн селден кийинки калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Ак-Татыр айыл аймагынын Өрүкзар, Керме-Тоо, Үч-Дөбө айылдарында болжол менен 50 турак жайдын короолорун сел каптап, анын ичинен 10 үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирген.
Сел жүргөн айылдардан жалпы 149 адам эвакуацияланып, (35 үй-бүлө), туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылган. Ошондой эле Ак-Татыр айылындагы Садыков атындагы орто мектепке адамдарды убактылуу жайгаштыруу жайы уюштурулган.