11-майдан тартып жергиликтүү бийлик эл менен жолугушууларды өткөрө баштайт
Президент Садыр Жапаров облустук деңгээлдеги жетекчилер 11-майдан тартып ар бир айыл өкмөттө жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрө баштарын билдирди.
Бул тууралуу мамлекет башчы Фейсбуктагы расмий баракчасына пост жазып, май-июнь айларында өтө турган эл менен жергиликтүү бийликтин жолугушуулары Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) менен ЭлТРдин облустук эфирлеринде жана социалдык тармактардагы баракчаларында түз алып көрсөтүлөрүн айтты.
“Ош облусуна болгон сапарымда калк тарабынан көтөрүлгөн...
