Бишкек мэри оргумалардын жанындагы мажүрүм талдар кыйылбаганын билдирди
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы оргумаларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштери боюнча маалымат берип, 30 жылдан бери жүрбөгөн оңдоп-түзөө жумуштары алып барылганын билдирди.
Мэриядан билдиришкендей, Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүп жаткан иштердин алкагында Ала-Тоо аянтындагы “Күн балыгы”, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанындагы Театралдык сквердеги, Уркуя Салиева аянтындагы сквердеги жана Бишкек мэриясынын алдындагы фонтан комплекстери оңдолду.