ТИМ Литвада каза болгон кыргызстандык жөнүндө маалымат берди
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) расмий маалымат таратып, Литва Республикасынын Шауляй шаарындагы ооруканада каза болгон кыргыз жаранынын жагдайы жөнүндө маалымат берди.
Д.И. аттуу адам республикалык ооруканада 3-май күнү көз жумган. Маалыматта кыргыз жараны ооруканага кырсыктап түшкөнү же өз оорусу менен түшкөнү айтылбайт.
Жаран каза болгону тууралуу маалымат алынгандан кийин Кыргызстандын Беларустагы элчилиги маркумдун жакын туугандары жана оорукана кызматкерлери менен байланыш түзүп...