Кыргызстанда мобилдик телефон абоненттеринин саны 8 миллионго жакындады
Кыргызстанда мобилдик телефон тармактарынын абоненттеринин саны 7 миллион 848 миңге жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 7-май – Байланыш кызматкерлеринин күнүнө карата жарыялаган маалыматта айтылат.
Он жылча мурдараак Кыргызстанда уюлдук телефон колдонгондордун саны 6 миллиондун тегерегинде болгон.
Стационардык телефон колдонгондордун саны бул убакытта тескерисинче кыскарган. Он жылча мурдараак анын абоненттери 459 миңдин тегерегинде болсо, учурда 142 миңге түшүп калды.
2025-жылы республиканын...