Ош: Жапаров элдин суроолоруна түз жооп берип, талаш маселелерди тынч жөнгө салууну тапшырды
Президент Садыр Жапаров бүгүн 10-апрелде Ош аймагына башталган иш сапары алкагында Ош шаарында жергиликтүү тургундар менен жолукту. Жыйын Ош улуттук драма театрынын имаратында уюштурулганын, жалпы үч сааттай созулганын президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жапаров көтөрүлгөн маселелер боюнча зарыл түшүндүрмөлөрдү берип, аларды чечүүнүн жолдорун айтканы, эл менен түз диалог жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилегени маалымдалды.
Жолугушуу ачык суроо-жооп форматында өтүп, жарандар президентке социалдык-экономикалык...