"Унаанын" үч кызматкери машиналарды мыйзамсыз каттоого шектелип кармалды
Орусиядан каттоодон чыкпаган автоунааларды Кыргызстанда мыйзамсыз каттоого шек саналып президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборунун ("Унаа" мекемеси) үч кызматкери кармалды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, аталган борбордун "Биримдик 24" бөлүмүндө иштеген үч кызматкер жарандар менен сүйлөшүп алып, акчалай сыйлык үчүн Орусияда каттоодон чыгарылбаган машиналарды мыйзамсыз катташканы аныкталган.