Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Орусиянын Москва шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча “АЛРОС Кубогу – Москва гран-приси” мелдешинде орусиялык Ханум Велиеваны жеңди.
Кыргызстандын күрөш федерациясынын маалыматына караганда 4-декабрга караган түнү болгон таймаш 3:2 эсебинде Жуманазарованын пайдасына аяктады.
“АЛРОС Кубогу – Москва гран-приси” эл аралык мелдешинде жалпысынан эркин күрөш, грек-рим күрөшү, грэпплинг жана кыз-келиндер күрөшүнөн жалпы тогуз беттеш болду. Ага Орусия...