Окуу жайларда контрактты көтөрүүгө мораторий киргизилди
Кыргызстанда 2026–2027-окуу жылында кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарында окуу үчүн акыны жогорулатууга мораторий киргизилди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жарлык окуу жайлардын формасына жана статусуна карабастан жайылтылат.
Мындай чечим жарандарды социалдык коргоону күчөтүү, билим алуучулардын укуктарын жана муктаждыктарын ишке ашыруу максатында кабыл алынганы айтылды.
Акыркы жылдары өлкөдөгү жогорку окуу жайларда контракт бир топ жогорулап кеткени айтылып келет.