Соттолгон 11 жарандын жакындары өкүмгө нааразы
11 жаранды Бишкектин Биринчи май райондук соту “Бийликти басып алуу” беренеси боюнча актап, башка беренелер менен жаза чегерди. Алардын алтоо 7 жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыратылып, калгандарына үч жылдык пробациялык жаза берди. Былтыр февралда ИИМ бул жарандарды Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси “Зомбулук көрсөтүү менен коштолуучу массалык башаламандыктарды уюштурууга” шектүу деп кармаган. Алар “Кырк уруу жети дубан ынтымагы” деп аталган коомдук бирикменин мүчөлөрү экени маалым болгон. Айыпка...