Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев 14 жылга кесилди
Чүй облустук сотунун 23-апрелдеги чечими менен Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев 14 жылга эркиндигинен ажыратылды. Маалыматты облустук соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" тастыктады.
Ага ылайык, Чүй облустук соту Талас Бегалиевди Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу"), 262-беренеси ("Кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу"), 263-берене ("Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо") жана 222-беренеси ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди...