Даун синдрому бар балдардын ата-энелери коомчулуктан жардам сурады
Кыргызстандагы Даун синдрому менен төрөлгөн балдардын ата-энелери түзгөн "Сантерра" коомдук фонду коомчулукка кайрылып, жардам сурады.
"Даун синдромун дарылоого болбойт, бирок аны менен жарыкка келгендер жардамга муктаж. 10 жылдан бери аталган фонд өз имараты жок болгондуктан ар кай жактан жайды ижарага алып иштеп жатат. Ата-энелер 2026-27-окуу жылында Даун синдрому бар 40 баланы окутуу, коомго аралаштыруу, дене тарбия менен алектенүү, когнитивдик жана сүйлөө жөндөмүн өөрчүтүү аракети үчүн долбоор жазганбыз.