АКШ Оман булуңунда Ирандын жүк ташуучу кемесин кармады
АКШнын президенти Дональд Трамп Иранды ок атышууну убактылуу токтотуу келишимин бузду деп сындап, америкалык күчтөр ирандык жүк ташуучу кемени кармаганын билдирди.
Ал 19-апрелде өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө Тегеран эпке келбесе, Ирандын маанилүү инфраструктурасы, көпүрө жана электр станциялары талкаланарын эскертти.
"Бүгүн Ирандын желеги астында жүк ташуучу Touska кемеси биздин деңиздеги курчоону бузууга аракеттенип, бирок андан майнап чыккан жок. АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн ракеталык Spruance эсминеци аны кармап...