Ирандын Сакчылар корпусу Ормузда эки танкерди аткылады
Ормуз кысыгынан өтүүгө аракеттенген кеминде эки танкер аткылоого туш болгонун Reuters агенттиги 18-апрелде өз булактарына таянып жазып чыкты.
Британиянын Деңиз соода операциялары башкармалыгы (UKMTO) билдиргендей, окуя Омандан түндүк-чыгышты көздөй 37 чакырымдай алыстыкта болгон.
Танкерлердин биринин капитаны Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун эки кайыгы жакындап, андан соң ок чыгарганын, экипаж жабыркабаганын билдирген.
Тегеран ага дейре кысык кайра жабылганын жарыялаган. 17-апрелде...