Бакудагы Алят портунда Борбор Азияга жүк тартып келаткан миңдеген фура жыла албай турат
Бакудагы Алят эл аралык портунда Борбор Азияга жүк тартып келаткан миңдеген фура жыла албай турат.
Жакынкы Чыгышта согуш башталгандан кийин Иран кошуна өлкөлөрү менен чек араларын жапканы Азербайжан-Түркмөнстан паром маршруту аймакка Түркия жана Европадан товар ташуунун жападан жалгыз жолу болуп калды.
Тажикстандык айрым ишкерлер менен айдоочулар Каспийден өтүүнү эки жумадан бери күтүп жатышканын айтып берди.
Алардын бири 15-апрелде «Озоди» радиосу менен маекте белгилегендей, бир эле маалда жүздөгөн оор машина деңизден өтүүнү каалайт...