"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун мурдагы президенти Кевин Клоуз көз жумду
АКШда журналист, бир нече радио компаниянын жетекчиси болгон Кевин Клоуз 85 жашында көз жумду.
Маркум 1940-жылы Торонтодо туулган, Гарвард университетин бүтүргөн. Беш китептин, анын ичинде «Орусия жана орустар: жабык коомдун ичинде» деген эмгектин автору.
25 жылдай Клоуз The Washington Post гезитинин кабарчысы жана улук редактору болуп, 1977-1981-жылдары Москвадагы бюросун жетектеген. Ошол маалда советтик адабиятчылар, көркөм интеллигенция, укук коргочулар, оппозиция өкүлдөрү менен жакындан таанышып калган.