Президент облус-райондор жоюлуп, округдарга бөлүнүшү мүмкүн экенин айтты
Кыргызстанда административдик-аймактык реформанын экинчи баскычында облустар менен райондор жоюлуп, округдарга бөлүнүшү мүмкүн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-апрелде Ош облусунун Ноокат районунун тургундары менен жолугушууда элдин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
“Бизде азыр 44 район, Ноокат менен Гүлчөнү кошкондо 33 шаар бар. Облустар, райондор жоюлуп, жыйырмадай округдун тегерегинде калат. Ошондо 20 облус деп айтып койсок болот. Ошого барабыз. Бирок эми азыр алдыда үч-төрт жыл убакыт бар.