Австралиянын тарыхында биринчи жолу армияны аял жетектейт
Австралия бийлиги 13-апрелде коргоо күчтөрүнүн жетекчилигинде өзгөрүүлөр болуп жатканын билдирип, тарыхта биринчи жолу армиянын башына аял дайындала турганын жарыялады. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, генерал-лейтенант Сьюзен Койл июль айында армиянын башчысы болуп дайындалат. Ал генерал-лейтенант Саймон Стюарттын ордуна келет.
Бул дайындоо Австралия армиясында аял офицерлердин санын көбөйтүү аракеттери жүрүп жаткан учурга туш келди. Азыр армия сексуалдык зомбулук...