Баткен райондук соту журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналган блогер Батмакан Жолболдуеванын ишине байланыштуу чечим чыгарды. Бул тууралуу маалыматты Жолболдуеванын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева “Азаттыкка” 5-февралда ырастады.
Анын айтымында, Жолболдуева “этиятсыздык менен өлүмгө алып келүү” боюнча коюлган айып менен акталды. Иштин алкагындагы калган үч эпизод боюнча күнөлүү деп табылып, эки жыл пробациялык көзөмөлгө алынды жана эки жыл блогерлик ишмердигине тыюу салынды. Айыпталуучу...