Украинадан 200дөй кыргыз жараны чыгарылды
Кыргызстан Украинада согуш башталган бир жумадан бери 200дөй жаранын чыгарып кетти. Дагы ондогон жаран эвакуация болууга даяр экенин айткан, бирок аларды өлкөдөн алып кетүү оор болууда. Өз алдынча чыгып кетип жаткандар да бар.
2-мартка карата кыргыз бийлиги 112 кыргыз жаранын Венгрияга, 42син Молдовага жана дагы 47 адамды Польшага, ал эми сегиз жаранды Румынияга чыгарды. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин 3-катчысы Эрмек Каныбеков билдирди:
“Биз өнөктөштөрүбүз аркылуу жарандарыбызды чыгарып кетели деп атабыз.