В СОУНБ открылась выставка к 215-летию со дня рождения писателя Николая Васильевича Гоголя
27 апреля Самарская область примет участие во Всероссийском субботнике
Вице-мэр Ырсалиев жана ырчы Самара Каримова кабылган кырсыктын чоо-жайы айтылды
Бишкек-Ош жолунда бир машинада баратып автокырсыкка кабылгандар арасында Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жана ырчы Самара Каримова бар. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна 27-июлда Жалал-Абад облустук жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 26-июлда эртең менен болгон.
Бишкекти көздөй бараткан “Тойота” машинасын Самара Каримованын күйөөсү, Маалымат жана туризм министрлигинин түштүк аймагы боюнча маданий борборунун мурдагы жетекчиси Асан Мансуров айдап бараткан.