Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Кыргызстандын аймагында эркин жүгүртүүгө тыюу салынган психотроптук заттарды камтыган дары-дармектерди жеткирүү менен алектенген трансулуттук топту аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жүктүн чыныгы ээлеринин бири Ю.С.И. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренесинин 1-бөлүгү (бажы чегарасы аркылуу өткөрүүнүн өзгөчө эрежелери белгиленген буюмдарды алып өтүү) менен кылмыш иши козголгон.