2021-жылдын январь айында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эки жаш келин өз жанын кыйып, өмүр менен кош айтышты. Экөөнүн артында жети бала энесиз калды. Түптө төрт баланын энеси күйөөсүнүн курмандыгы болду.
Келиндерди жакындан тааныгандар алар бул кадамга үй-бүлөдөгү зомбулуктун, кемсинтүүнүн айынан барганын айтышууда.
Гүлмайрам
Түп районунун жашоочусу, кырк жаштагы Гүлмайрам 9-январда күйөөсүн колунан каза тапты. Артында төрт бала жетим калды.
Тун кызын турмушка узатып, небере көрүп калган келин үч баласы...