Freedom Now эл аралык уюму камактагы Тилекмат Кудайберген уулунун иши боюнча БУУга даттанды
Эл аралык Freedom Now укук коргоо уюму жана Hausfeld юридикалык компаниясы Кыргызстанда камакта отурган активист Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) негизсиз кармалган деген жүйө менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктар боюнча жумушчу тобуна арыз менен кайрылды. Бул тууралуу маалымат Freedom Now уюмунун сайтына жарыяланды.
Freedom Now даттануусунда активистти БАЭ өкмөтүнүн экстрадиция кылуусу жана Кыргызстандын өкмөтүнүн аны башка өлкөдө жүргөн жеринен кармоосу башпаанек...