Грузияда мыйзамсыз жүргөн 45 чет элдик жаран кармалды, арасында кыргызстандыктар бар
Грузиянын күч органдары мыйзамсыз миграция менен күрөштүн алкагында 45 чет элдик жаранды кармаганын өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, алардын арасында Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Түркия, Орусия, Индия, Кения жана башка мамлекеттердин жарандары бар.
"Иммиграциялык көзөмөл иш-чараларынын алкагында департаменттин кызматкерлери Грузияда уруксаты жок жүргөн чет элдик жарандарды табуу максатында конкреттүү жерлер менен түрдүү жайларды текшеришти", - деп айтылат билдирүүдө.