Ош мэри сүрдүрүлгөн жерди тосуп алгандар менен жолугуп, тосмолорду кайра бузууну тапшырды
7-майда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы (мурдагы ХБК) мыйзамсыз курулуштардын ээлери менен жеринде жолугушту. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Аталган кичирайондун Касымбеков көчөсүнүн айланасындагы мыйзамсыз курулуштар мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаевдин тушунда сүрдүрүлүп, ордуна парк курулары жарыяланган. Аз күн алдын социалдык тармактардын колдонуучулары мындагы мүлк ээлери жерлерин кайрадан тосуп алганын айтып...