Ошто мурдагы вице-мэрге жана Анапияевдин бир тууганына таандык имараттар бузулууда
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте 6-майда Увам каналынын корук аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды көрүп чыкты. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө каналдын корук тилкесинде өз алдынча, уруксатсыз курулуш иштерин жүргүзгөн учурлар аныкталды. Шаар башчысы мыйзамсыз тургузулган объектилерди толугу менен алып салуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.
Бузулуп жаткан имараттар шаардын мурдагы...