Жапаров Баткенде чек араны демаркациялоо маселеси менен таанышты
Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткен облусуна болгон кыска мөөнөттүү иш сапарынын алкагында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан “Торговый” базарына барды. Президенттик администрация билдиргендей, мамлекет башчы базардын учурдагы абалы тууралуу маалымат алып, сатуучулар жана жергиликтүү тургундар менен кыскача баарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Жапаров Баткен облусуна мамлекеттик чек араны демаркациялоо маселелери менен жеринен таанышуу үчүн барган.
“Өлкө башчысынын аймактын тургундары...