Трамп Иран мунасага келбесе, "алда канча күчтүү сокку уруларын" эскертти
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Тегеран тынчтык келишимине макул болбосо, Иранга каршы соккулар “алда канча күчтүү жана масштабдуу” болорун эскертти.
Маалыматтарга караганда, азыр тараптар макулдашуу түзүүгө жакындап калышты.
АКШнын бир катар маалымат каражаттары, анын ичинде Axios 6-май күнү Вашингтон менен Тегеран жакын арада Перс булуңундагы согушту токтотуу боюнча меморандум кабыл алышы ыктымал экенин жазышты.
Axios басылмасынын маалыматына ылайык, келишимде Иран уран байытууну убактылуу токтотууга макул болот.