Ош мэриясы "Байсан" ресторанын бузууда, ал тууралуу Келдибеков үн катты
Парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков Оштогу "Байсан" ресторанынын курулушу тууралуу комментарий берди. Фейсбуктагы баракчасына 6-майда жазган билдирүүсүндө ал ресторандын ага тиешеси жок экенин, имараттын ээси жеңеси Адалат Абдибаитова экенин белгилеген.
“Ырас, Адалат Абдибаитова – менин жеңем. А бирок жеңемдин ресторанына, ишкерлигине менин кандай тиешем бар? Анан калса бул жер тилкесин Абдибаитова мыйзамдуу сатып алган деген Жогорку соттун чечими турат. Соттун чечимин жокко чыгарбай туруп, мэрия кантип "снос" кыла алат?