Ак-Буура жээгиндеги "Байсан" рестораны жана башка жайлардын ордуна сейил бак курулат
Оштун мэри Жанарбек Акаев 6-майда шаардагы Ак-Буура дарыясынын боюнда, корук аймакка курулган мыйзамсыз объектилер бузулгандан кийин алардын ордуна сейил бак куруларын билдирди.
"Коомчулуктун пикирин эске алдык. Буга чейин курулуштары бузулган ишкерлер болгон. Баарына бирдей мамиле кылуу максатында биз булар менен сүйлөшүү жүргүздүк, "силерге балким кенемте берели, башка жактан орун алмашалы" деп. Бирок сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыкпай атты. Бул жерди көрүп атасыңар, корук аймак. Корук аймакка жакын.