Өзбекстанда 13 бала түшкөн “Матиз” кырсыкка учурап, айдоочу каза тапты
Өзбекстандын Навои облусунда бала бакчанын тарбиялануучуларын ташып бара жаткан "Матиз" үлгүсүндөгү автоунаа кырсыкка кабылып, айдоочу каза болду.
Kun.uz басылмасынын маалыматына ылайык, 5-май күнү эртең менен 34 жаштагы аял өзүнүн чакан автоунаасы менен 13 баланы жана өзүнүн үч айлык ымыркайын алып бара жаткан.
Жолдо баратып ал унааны башкара албай калып, машине жолдон чыгып кетип, аңтарылып калган.
Айдоочу окуя болгон жерде каза болуп, балдар ар кандай жаракат алышкан.
Басылманын маалыматына караганда...