Трамп Ормуз кысыгындагы "Эркиндик" долбоору токтотуларын билдирди
АКШнын президенти Дональд Трамп Перс булуңунда кармалып турган кемелерди коштоп, ал аймактан аман-эсен чыгарып кете турган операция Тегеран менен тынчтык келишимин түзүү мүмкүнчүлүгүн баалоо үчүн “кыска убакытка” токтотуларын билдирди. Бул тууралуу Би-би-си жазды.
Анын айтымында, дүйшөмбү баштала турган долбоор сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылып жаткан Пакистандын жана башка өлкөлөрдүн өтүнүчү менен токтотулат.
Трамп Truth Social соцтармагына “ири аскердик ийгиликтерге” жана Иран менен тынчтык келишимине...