Министрлик Таш-Рабатты оңдоо иштери боюнча маалымат берди
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан орто кылымдарга таандык Таш-Рабат кербен сарайында жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат таратты. Аталган мекеме тарыхый жайды кайрадан оңдоп, реставрациялоо иштери боюнча социалдык тармактарда туура эмес маалымат жүрүп жатканын белгиледи.
Министрлик тараткан маалыматка караганда, реставрация “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамына жана эл аралык илимий талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө.