Кыргыз тасмалары Канн фестивалындагы кинобазарда көрсөтүлөт
2026-жылдын 12-18-май күндөрү Канн кинофестивалы алкагында өтүүчү дүйнөдөгү эң ири кинобазар, Marché du Film иш-чарасына Кыргызстандын киноиндустриясынын делегациясы катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Иш-чарада Kyrgyz Cinema улуттук стенди сунушталып, өлкөнүн кинематографиясынын өнүгүү потенциалы жана эл аралык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилет.
Кыргызстандан барган делегация Азия жана Европа өлкөлөрүнүн кино мекемелери, продюсерлер...