Бишкекте жол тескөөчүгө орой мамиле жасаган спортчу кармалды
Бишкекте милициянын кайгуул-күзөт кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, орой мамиле жасаган адам - грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаттарынын бир нече жолку байге ээси жана Олимпиада оюндарынын катышуучусу, 36 жаштагы М. Р. аттуу адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.
Окуя, мекеменин маалыматына караганда, 3-апрель күнү саат 16:15 чамасында Бөкөнбаев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде болгон. Жол тескөөчү...