Жыргалаң курортунун аймагындагы жер тилкелерин сатуу боюнча экинчи аукцион өтөт
Ак-Суу районундагы "Ала-Тоо Резорт" ири курорттук зонасындагы жер тилкелерин сатуу боюнча экинчи аукцион өтөт. Сатуу auctionetp.gov.kg электрондук соода аянтчасынын базасында болот.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, аукцион 8-10-апрель күндөрү өтөт, күн сайын 12ден лот коюлат.
Маалыматка ылайык, аукционго "Жыргалаң" курортунун курулуш зонасында туристтик жана инфратүзүм объектилерин камтыган 36 лот бар. Бул тилкелерде 3, 4 жана 5 жылдыздуу мейманкана...