Токмокто жалгыз адамды көптөп сабаган үч киши кармалды
Токмок шаарындагы машине оңдоочу жайлардын биринин жанында жалгыз адамды көптөп сабап жатышкан адамдар тартылган тасма боюнча Чүй милициясы маалымат берди.
3-апрелде социалдык тармактарда автоунаа жолунун боюнда 2-3 адам бир кишини жерге жаткарып алып сабап атканы тартылган видео тараган.
Облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалыматына караганда, 3-апрель күнү саат 13:26 чамасында Токмок милициясына шаардык ооруканадан Чүй облусунун Мээнеткеч айылынын тургуну 1983-жылы туулган, Ж.Н. аттуу...