Ошто мугалимге кол көтөрүү фактысы боюнча милиция териштирүү баштады
Ош шаарындагы мектептердин биринде окуган баланын апасы мугалимге кол көтөргөн окуя боюнча калаа милициясы териштирүү баштады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) 3-апрелде маалымдады.
Башталгыч класстардын мугалими окуучусунун апасы кол көтөргөнү тартылган тасманы соцтармактагы баракчасына жарыялады. Мугалим мындай “мамилеге” окуучу баланы сабактан кийин анын коопсуздугу үчүн сыртка чыгарбай койгону үчүн туш болгонун жазды.
"Биз ар күнү бала мектептен чыгып чуркап кетпесин деп аларды класска киргиле дейбиз.