Сот адвокат Токтакуновдун арызы боюнча Фейсбук колдонуучусун 20 миң сом айыпка жыкты
Адвокат Нурбек Токтакунов Санжарбек Тилеков аттуу Фейсбук колдонуучусу социалдык тармакта анын аброюна шек келтиргени үчүн 20 миң сом айыпка жыгылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-апрелде чыгарды.
Нурбек Токтакунов сотто Санжарбек Тилеков күнөөсүн мойнуна алып, андан кечирим сураганын кошумчалады.
Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 1071-беренеси боюнча, жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирип...