"Жетимиш бешчилердин каты" парламентке кантип жеткен? Маматалиев жарыялаган жаңы жагдай
Кыргызстанда соңку айлардагы саясий турмуштун кызышына себеп болгон “жетимиш бешчилердин катынын” парламентке келип түшүү жагдайын Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 2-апрелде айтып чыкты.
Спикердин айтымында, бул каттын айланасында парламентте териштирүү жүрүп, бир катар кызык жагдайлар белгилүү болгон.
Маматалиев президенттик шайлоону быйыл өткөрүүнү талап кылган кайрылууну Жогорку Кеңеште тезинен кароого кызыкдар адамдар болгонун кыйытты:
“Менин тескемем менен комиссия түзүлүп, кагаз бул жакка (Жогорку Кеңешке) кантип келип...