Бишкекте алты жашар баланы иттер талап, ооруканага түштү
1-апрелде Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо-2 жаңы конушунда иттер алты жаштагы баланы талап, ал №3 балдар ооруканасына жаткырылды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдиргендей, окуя тууралуу милицияга маалымат саат 17:37де түшкөн.
Окуяга күбө болгондордон маалымат чогултулуп, иттердин ээси аныкталган. Иттер атылып, бул факты Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында катталып, териштирүү жүрүүдө.
Баланын жакындарынын айтымында, аны ооруканага кошуналары өз автоунаасы менен алып жөнөшкөн.