Махабат Тажибек кызы ооруканада дарыланып жатат
23-мартта эч кайда кетпөө тууралуу тил каттын негизинде абактан чыккан журналист, Кыргызстанда ишмердиги экстремисттик деп табылган Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” медиа долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу 2-апрелде укук коргоочу, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Укук коргоочу журналисттин ден соолугуна акыркы эки жылдан ашык убакта камакта отурганы зыянын тийгизгенин, Махабаттын саламаттыгы начарлап...