Кубат Чекиров чындыкты айткан журналист коркунуч эмес экенин айтты
Журналист Кубат Чекиров 2-апрелде Бишкекте өтүп жаткан “Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу” деген аталыштагы чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форумунда кыргыз журналистикасы боюнча баяндама жасады.
Ал бийликтин мурда-кийин журналисттерге, жарандык коомдун өкүлдөрүнө козголгон күмөндүү кылмыш иштердин кайра каралып, айрымдардын эркиндикке чыгып жатышы колдоого аларлык экенин айтып, сөз эркиндигин колдоо зарыл экенин кошумчалады.
“Чындыкты айткан журналисттерден эмес, коррупция менен күрөшкө жамынган ээнбаштардан коркуш керек.